• Жекшемби 26 Теке 2026
  • Воскресенье 26 Июль 2026

Клара Сооронкулова суракка чакырылды

22 Кулжа 20219:06 Бишкек Govori.TV

“Реформа” саясий партиясынын лидери Клара Сооронкулова Ички иштер министрлигине суракка чакырылды.  Бул тууралуу Сооронкулова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, Сооронкулова 23-июнда ИИМдин Тергөө кызматына барат. Ал сурак октябрь окуяларына байланыштуу болушу ыктымал экенин билдирди.

«2020-жылдын 5-6-октябрындагы баш аламандыктарды иликтөөнү улантышууда. Бул окуяларга жана анын кесепеттерине акыркы юридикалык баа берилет деп ишенем. 6-октябрда мамлекеттик төңкөрүш болду деп күбө болуп берүүгө даярмын», — деп жазды Сооронкулова.

Количество просмотров: 206