• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Өкмөт башчы кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкты

27 Бугу 2020 10:10 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин катышуусунда жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кеңешмеде Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт дайыма ачык-айкын иштөөгө умтулаарын белгиледи.

«Бирок Жогорку Кеңеште Өкмөттүн жана Премьер-министрдин дарегине радиожыштык ресурстарын узартуу жана аны кайра каттоого тийиштүү кылмыш ишине байланыштуу сын-пикир жана күнөөлүү эместигимди далилдөө чакырыгы айтылды. Мен мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын сактоону жана жыштыктарды ачык аукциондо сатууну, ошондой эле мыйзам талаптарына жооп бербеген ээлердин лицензияларын алууну колдоп келгендигимди баса белгилеп кетким келет. Бул туурасында мен Жогорку Кеңештин жыйынында да айткам. Дагы бир жолу билдирем, териштирилип жаткан ишке менин эч кандай тиешем жок жана бул маселени саясатташтырбоо керек деп эсептейм. Укук коргоо органдары объективдүү жана ар тараптуу тергөө жүргүзүп, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылууга тийиш. Бирок тергөөгө кандайдыр бир кысым көрсөтүүлөр боюнча айыптоолордон алыс болуу үчүн, ошондой эле аны калыс жүргүзүү максатында кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн алууну зарыл деп эсептейм», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновго өргүү учурунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишин координациялоону жана мамлекеттик органдардын туруктуу иштөөсүн камсыздоону тапшырды.

Количество просмотров: 71