• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өкмөт материалдык резервдер фондунан алынган он миң тонна унду муктаж жарандарга таратат

28 Жалган куран 2020 21:06 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү калктын аярлуу катмарына жардам берүү үчүн бардык резервди пайдаланат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан он миң тонна ун даярдалган.

Учурда Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги райондордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен биргеликте кошумча жардамга муктаж жарандардын жаңыланган тизмесин даярдап жатышат, алар ун менен камсыздалышат. Борбордо жана жер-жерлерде ар бир муктаж жаран унутта калбашы үчүн жетекчилер жеке жоопкерчиликти алышат.

Ишкерлер, ыктыярчы уюмдар четте калбаганы кубандырат, алар калктын социалдык жактан аярлуу катмарына активдүү жардам беришүүдө. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аларга жигердүү позициясы үчүн ыраазычылык билдирет. Муну менен катар аймактардагы жетекчилерге бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн, кайрымдуулук уюмдардын, жарандык кошуундардын социалдык багыттагы демилгелерин жүзөгө ашырууга ар тараптан жардам берүү, ошондой эле гуманитардык жардамдарды чогултуу жана аны муктаж жарандарга таратуу үчүн туруктуу иштей турган аянтчаларды уюштуруу  тапшырмасы берилди.

Количество просмотров: 285