• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Өкмөттүн беткапсыз түшкөн сүрөт үчүн жалпы 140 миң сом айып пул салынды

23 Кулжа 202013:58 Бишкек Govori.TV

Беткап тагынбай жана аралыкты сактабай жамаат менен бирге сүрөткө түшкөн өкмөт мүчөлөрү айыпка жыгылды. Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди узатуу салтанатындагы сүрөт үчүн жалпы 140 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдирди.

Бардыгы болуп 28 адам айып пул төлөйт, алардын ичинде:

– премьер-министр Кубатбек Боронов,

– экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев,

– вице-премьер-министр Аида Исмаилова,

– вице-премьер-министр Акрам Мадумаров,

– вице-премьер-министр Эркин Асрандиев,

– бөлүм башчылар жана башкалар.

Бузуулар кодексинин 150-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык ар бирине 5 миң сомдон айып тагылат. Жамааттык сүрөттө 124 адам түшкөн, анын ичинен экөөндө беткап бар.

Количество просмотров: 244