Бүгүн, 26-сентябрда Аламүдүн райондук администрация имаратында Кой-Таш окуяларын иликтеп жаткан мамлекеттик комиссиянын көчмө жыйыны өтүүдө.
Аталган жыйынга Кой-Таш жана Арашан айылдарынын тургундары катышып, окуяны иликтеп жаткан комиссия мүчөлөрү Клара Сооронкулова, Исмаил Исаковго болгон нааразычылыктарын айтып, окуяны калыс иликтеп берүүнү талап кылышты. Ошондой эле тургундар комиссиянын курамындагы коомдук ишмер Артур Медетбеков, Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов дордун иш алып барышына ишеним көрсөтпөй турганын билдиришти.
Эске салсак, Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссия 29-августта түзүлүп, курамга Жогорку Кеңештин саналуу депутаттары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана коомдук-саясий ишмерлер кирген.