Бүгүн, 8-апрелге караган түнү коменданттык саат киргизилген аймактардагы ички иштер бөлүмдөрүнө 92 жаран жеткирилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кармалган жарандардын ичинен:
• Бишкек шаарында 58 адам;
• Ош шаарында 5;
• Жалал-Абад шаарында 12;
• Сузак районунда 15;
• Кара-Суу районунда 2 адам бар.
Ал эми Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок.
Жалпысынан коменданттык саат башталган 25-марттан бери Ош, Бишкек, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда эреже бузган 2101 адам кармалган. Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коменданттык саат аяктагандан кийин бошотулган.