• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Коменданттык сааттын шартын бузган 159 жаран кармалды

4 Чын куран 2020 10:36 Бишкек Govori.TV

Коменданттык сааттын шартын бузган 159 жаран кармалып, 9 автоунаа токтотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен Бишкек шаары боюнча — 150, Ош шаары боюнча — 4, Жалал-Абад шаары — 1, Сузак районунда — 4, Кара-Суу районунда — 1 жаран райондук бөлүмдөргө жеткирилди. Ал эми Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок.

«Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 1765 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу тарабынан кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен кое берилген», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 54