• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Комендатура: Банкты сүзгөн айдоочу мас абалда болгон 

28 Чын куран 202011:11 Бишкек Govori.TV

Бишкекте коменданттык саат учурунда Subaru үлгүсүндөгү жеңил автоунаа имаратка барып урунду.

Социалдык тармактын колдонуучуларынын бири «Азыр, коменданттык саат учурунда «Орто-Сай» базарынын тушунда жол кырсыгы катталды» деген билдирүү менен окуя болгон жерден сүрөт, видеолорду жүктөштү.

Комендатурадан билдиришкендей, коментанттык саат учурунда банктын имаратын сүзгөн 32 жаштагы айдоочу автоунааны мас абалында айдап бара жаткан.

“Унаанын айдоочусу Безымянная көчөсү менен чыгышты көздөй бара жаткан. Юнусалиев көчөсү менен кесилишкен жерде рулду башкара албай, жол жээгиндеги коммерциялык банктардын биринин филиалына барып урунган”, — деп айтылат билдирүүдө.

Айдоочуга КРдин Бузуулар кодексинин 127 (“Жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу”), 128-беренелерине (“Транспорт каражатын мас абалында айдоо”) ылайык протокол түзүлүп, автоунаа айып короого киргизилди.

Количество просмотров: 328