• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Коронавируска шектелген жаранга тез жардам келбей жатат»деген маалыматка министрлик жооп берди

16 Жалган куран 2020 13:38 Бишкек Govori.TV

Социалдык түйүндөрдө «Тез жардам» кызматына байланышып, Чокан Валиханов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде коронавируска шектүү жаран бар экенин айтып жаткан видео тарады.

Видеодо эки жаран 103 кызматына байланышып, башка улуттагы адамдын дене табы көтөрүлүп медициналык жардамга муктаж экенин билдиришкен. Ошондой эле алар 3 сааттан бери «Тез жардам» кызматы келбей жатканын айтып нааразы болушкан.

Ал эми чалууларга жооп берген оператор медициналык кызматкерлер учурда башка шашылыш чакырууларга кеткенин айтып, бейтапты Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына алып барууну же тез жардам кызматын күтүп турууну суранган.

Бул маалыматтан соң медицина кызматкерлеринин азыркы абалдагы ишине нараазы пикирилер айтылды. Буга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлигине байланышканыбызда аталган жарандан коронавирус аныкталбаганын билдиришти.

«16-март күнү саат түнкү 12:36 чамасында «Тез жардам» кызматына шаар тургунунун дене табы жогору болуп жаткандыгы тууралуу телефон чалуу келип түшкөн. 01:03дө медицина кызматкерлерден түзүлгөн ыкчам топ аталган дарекке жөнөп кетишкен. Натыйжада Ф.Л. аттуу башка улуттун жараны Кыргызстанда бир топ жылдан бери жашаганы жана чет мамлекетке сапарга чыкпаганы белгилүү болду. Жаран кокустан чалынып кетип жыгылган. Мындан улам, өзүн жаман сезген. Ага тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жеткирилген жок»,- деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 6381