• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Коронавирустун очогу Бишкек болуп жатканына Президент кабатыр

15 Кулжа 2020 16:49 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июнда Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов менен жолугушту.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал, коронавирус инфекциясынын жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүү чаралары талкууланды.

Кубатбек Боронов акыркы күндөрү коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны кескин көбөйгөнү байкалып  жатканын белгиледи. Эпидемиологиялык оор кырдаал Бишкек, Ош шаарлары менен Чүй облусунда байкалып жатат.

Анын маалыматы боюнча, бул өлкөдөгү экономикалык ишмердиктин жандандырылышы — бүгүнкү күндө экономиканын 90%дан ашык тармактары толугу менен иштерин баштагандыгы менен негизделүүдө. Ошондой эле ал жарандардын санитардык-гигиеналык ченемдери менен беткап режимин толук кандуу сактабай келе жатканын баса белгиледи.

Кубатбек Боронов симптомсуз вирусту алып жүргөндөрдүн саны өсүп жаткандыгына байланыштуу, Республикалык ыкчам штаб тарабынан аларды аныктоо жана дарылоонун жаңы алгоритми иштелип чыгып жатканын маалымдады.

Мындан сырткары, ал Нарын облусундагы эки райондун ортосунда жайыт жерлерин пайдалануу боюнча жаралган талаш-тартыш жөнүндө маалымат берди. Кубатбек Боронов Өкмөт тарабынан аталган маселе боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, 2 аптанын ичинде мыйзам чегинде жайыттардын кимге таандуулугу боюнча чечим чыгарылаарын билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы күндөрү пандемиянын төмөндөбөй эле кээ бир аймактарда тескерисинче күчөп жаткандыгын белгиледи.

Количество просмотров: 313