• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Крестинин: Тажикстан менен өтчү оюнда упай жоготпошубуз керек

18 Жетинин айы 2019 15:34 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин журналисттер үчүн басма сөз жыйынында Тажикстандын курама командасы менен өткөн мурунку беттеш начар болгонун айтып, эртеңки оюнда баарын чечиш керек экенин билдирди.

Кыргызстан менен Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттеши 19-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда өтөт.

— Биздин башкы каршылашыбыз — бул биз өзүбүз. 5-сентябрда Тажикстанда биз өтө начар оюн көрсөткөнбүз. Мен машыктыруучу болуп тургандан бери мындай начар ойной элек болчубуз. Аябай начар оюн. Эң башкысы биз ал оюнду талдап көрдүк. Биз башка андай начар оюн ойнобойбуз. Тажикстан менен болгон оюн тандоо оюндарындагы алгачкы беттеш болчу. Андан бери канча оюн өткөрдүк? Беттештен беттешке жакшы ойноп жатабыз. Курама чогуу болгондо техникалык жана физикалык жактан да алдыга жылып жатабыз. Жапония менен болгон оюнга жакшы даярдандык. Баарын оюндан көрдүңүздөр. Азыр эч нерсе өзгөргөн жок. Биз эң башкысы упай жоготпошубуз керек. Тажикстандан жеңилгенде нааразылык көп болду. Эртеңки оюнда мунун баарын чечип, жөнгө салыш керек.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алгачкы беттешинде Кыргызстандын курама командасы Тажикстанга 1:0 эсебинде жеңилген. Беттештеги жалгыз голду тажик оюнчусу Алишер Жалилов киргизген. Оюн 5-сентябрда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өткөн.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычы 5-сентябрда башталган. Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат. 5-турдагы оюндардан кийин бул тайпада Жапониянын курама командасы 12 упай менен жадыбалдын сап башында бара жатат.

Эсебинде 6 упайы бар Кыргызстан экинчи, Тажикстан үчүнчү орунду сактап турат. Үч упай эсебинде бар Монголия менен Мьянма төртүнчү, бешинчи орунда бара жатышат.

Количество просмотров: 61