Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгынан 5 адам жабыркап, 1 киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 175-чакырымында 1-июнда болжол менен саат 00:13тө “Мерседес-Бенц S211” жана “Тойота Хайландер” автоунаалары кагышкан.
«Жерине Кочкор райондук №42 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, маркумдун жансыз денесин унаадан алып чыгышып, «Тез жардам» кызматкерлерине өткөрүп беришкен»,-деп айтылат маалыматта.