• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кундүн ыргагы: Бир суткада COVID-19 жугузгандар кескин өстү. Обсервацияда тополоң салган мигранттар

18 Бугу 2020 17:45 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: ӨЛКӨДӨГҮ АКЫРКЫ АБАЛ

Бүгүн, 18-майга карата коронавирустун 78 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Жалпы жонунан республика боюнча коронавирус менен ооругандардын саны 1216га жетти.

ОБСЕРВАЦИЯДА ТОПОЛОҢ ЧЫКТЫ

Соль-Илецктен келип обсервацияда жаткандар тополоң чыгарышты. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарады. Андагы маалыматтарга ылайык, обсервацияда жаткандар нааразы пикирлерин айтышып, сыртка чыгып, тополоң салышкан. Алар үйлөргө кое берүү талабын коюшканы айтылууда.

МЕКЕНИНЕ КАЙТКАН МИГРАНТТАР ТАЛКУУДА

Социалдык тармактарда Россиядан учуп келген кыргыз жарандарынын тизмеси талкуу жаратты. Коомчулуктагы тарап жаткан видеодо самолеттун ичинде олтурган жарандар жана аягында белгисиз эркек кишинин, “соо адамдардын баары кетишти, мен эки балам менен калып калдым” деп айтып жатканын көрүүгө болот.

БИШКЕКТЕ ОК АТЫЛДЫ

Бишкектеги жаңы ачылган Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил багында нөөмөттө турган патрулдук милициянын инспектору санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарбай, каршылык кылып, өзүн агрессивдүү көрсөткөн адамдардын тобуна эскертүү иретинде асманга ок чыгарган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

УКМКНЫН ЭКИ КЫЗМАТКЕРИ КАРМАЛДЫ

Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин эки кызматкери кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги өздүк булактарына таянып жазды.

КОЙ-ТАШ ОКУЯСЫ: БАШ КОРГОО ЧАРАСЫ УЗАРДЫ

Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүнүн мөөнөтү дагы эки айга тактап айтканда 18-июлга чейин узартылды. Мындай чечим бүгүн, 18-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кабыл алынып, соттолуучуларды бөгөт чарасы да эки айга узартылды.
Буга соттун имаратынын алдына Атамбаевди колдоп келген тарапташтары жана жубайы Раиса Атамбаева укук коргоо органдарынын кызматкерлерине нааразычылыгын билдирди.

Количество просмотров: 250