• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Курманбек Бакиев тууралуу даректүү тасма тартылды

8 Чын куран 2019 10:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 08.04.2019. Govori.TV

2010-жылы өлкөдөн качып кеткен президент Курманбек Бакиев тууралуу даректүү тасма тартылды. Тасма август айында чыга турганын мурдагы президенттин тууганы кабарлаган “Азаттык” радиосу жазып чыкты. Маалыматка караганда, анда Бакиевдин жана анын үй-бүлөсүнүн дарегине айтылган сөздөргө жооп берилет.

2010-жылы 7-апрелде Кыргызстанда Курманбек Бакиев башындагы бийлик ыңкылап жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.

Апрель окуясы боюнча соттук жараяндын жыйынтыгында Курманбек Бакиев 30 жыл, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев өмүр бою, уулу Марат Бакиев 27 жылга сыртынан кесилген. Ал эми кичүү уулу Максим Бакиев бир нече кылмышка айыпталып өмүр бою эркинен ажыратылган.

Курманбек Бакиев үй-бүлөсү менен өлкөдөн качып, Беларустан башпаанек тапкан. Аларды Кыргызстанга экстрадиция кылуу аракетинен ушул кезге чейин майнап чыкпай келет.

АКШ менен Кыргызстан мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда чыгарылып кеткен активдерди кайтаруу тууралуу эки тараптуу билдирүүгө 25-февралда Бишкекте кол койгон. Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева Бакиевдер чыгарып кеткен каражаттын суммасы 250-300 млн. доллар деп бааланганын билдирген.

Теги:
Количество просмотров: 8