• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Курсан Асанов: Эч кимге дооматым жок, кимдин ким экенин көргөзгөн убакыт келет

19 Жалган куран 2021 21:25 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-мартта Ички иштер министринин мурдагы орун басары, 10-январда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоого талапкерлигин койгон генерал Курсан Асановдун бөгөт чарасы Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда каралды.

Саат 17:00гө белгиленген жараян 3 саат кечигип башталды. Сотко Курсан Асанов алынып келинди. Жактоочулардын жоктугуна байланыштуу бөгөт чарасынын мөөнөтүн узартуу маселеси каралган жок.

Асанов журналисттердин суроолоруна жооп берип, төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Имаратты жана мекемени басып алуу боюнча коюлган кине негизсиз. Эч качан имаратты басып алган эмесмин. Ошол окуяга толук катышкан башка адамдар бар. Учуру келгенде көрсөтмө беришет. Кимдин ким экенин көргөзгөн убакыт келет. Эч кимге дооматым жок. Бөгөт чарамдын мөөнөтүн узартуу боюнча бүгүн эле маалымат келди. Жактоочуларым шаарда эмес болгондуктан, кандай чечим кабыл алынат белгисиз»,-деди Асанов.

Кошумчалай кетсек, Курсан Асанов Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-пункту («Имаратты жана мекемени басып алуу») боюнча айыпталууда. Ал 26-январда кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу изоляторуна жеткирилген.

Количество просмотров: 2471