Чек ара маселесин чечүүдө “Өзбекстан сууга көзөмөлдү алды” деген пикирлер туура эмес. Бул тууралуу депутат Умбеталы Кыдыралиев билдирди.
“Эки мамлекеттин ортосунда 12% чечилбеген маселе калган. Бүгүнкү күндө аталган көйгөйлөр боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, толугу менен чечилиптир. Эми эки тараптын делимитация маселелери болот. Жогорку Кеңеш ратификациялап берсе, демаркация иштери башталат. Жалпысынан кыргыз-өзбек чек ара маселеси чечилди десек болот. Мен чек ара маселесине байланыштуу убагында депутаттык комиссияны жетектегем. Өзбекстан сууга көзөмөлдү алды” деген пикирлер туура эмес”,-деди Кыдыралиев.
Эске салсак, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 26-мартта басма сөз жыйын курган. Анда Өзбекстандагы чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берип, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы “чек ара маселеси 100%” чечилгенин айткан. Ташиев мындан ары ортодо талаштуу деген тилкелер болбой турганын белгилеген. Айрым эксперттер “Кыргызстанга айрым талаштуу жерлер өткөнү менен Өзбекстан сууга көзөмөл кылууга умтулуп жатат” деген пикирлерин айтып чыгышкан.