• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кыргызгидромет аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

3 Жетинин айы 2020 9:46 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, 8-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Ал эми 9-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

9-ноябрда күндүз Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөйт.

Количество просмотров: 714