• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстанда дагы 12 медик коронавирус жугузуп алды

30 Аяк оона 2020 10:39 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда дагы 12 медик коронавирус илдетин жугузуп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Бишкекте 3, Ошто 3, Жалал-Абад облусунда 6 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды.

«Ал эми бир суткада ооруканалардан 6 медкызматкер жана үй карантининен 10 медкызматкер айыгып чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3255 учур катталды, алардын ичинен 3008 медкызматкер айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 30-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 147 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 46 миң 669ду түзөт. Алардын ичинен 42 миң 879 киши айыгып чыкты, 1 миң 64 адам каза болду.

Количество просмотров: 35