• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Кыргызстанда күч түзүмдөрүндөгү 27 кызматкер коронавирус жуктурду

4 Бугу 2020 11:42 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө укук коргоо органдарынын 27 кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, буга чейин укук коргоо органдарынын 20 кызматкери коронавирус жуктурган.

«Алардын жарымы Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында дарылануудан өтүп, канааттандырарлык абалда ооруканадан чыгарылган. Калган 10 адам аталган ооруканада дарыланууда. Ошондой эле кечээ кечинде укук коргоо органдарынын дагы 7 кызматкери Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына келип түштү», — деди Акматова.

Количество просмотров: 204