• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кыргызстанда «Зомбулукка каршы 16 күн» акциясы башталды

26 Жетинин айы 2019 9:31 Бишкек Govori.TV

Дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда да 25-ноябрда аялдарга каршы өкүмзорлукту токтотуу максатындагы «Зомбулукка каршы 16 күн» акциясы башталды.

Бул өнөктүк өкмөттүк мекемелерди, жамааттарды, зомбулукка кабылгандарды, активисттерди бир тилектештиктин алкагында бириктирип, түрдүү иш-чаралар уюштурулат.

Жыл сайын 16 күндүк акция өткөрүү чечимин 1999-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы кабыл алган.

Ал 25-ноябрь — Аялдарга каршы зомбулукту жоюунун эл аралык күнүндө башталып, 10-декабрь — Адам укуктарынын эл аралык күнүндө жыйынтыкталат.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, 2019-жылдын он айында Кыргызстанда 5185 үй-бүлөлүк зомбулук катталган.

Адистердин айтымында, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын 74,5% сабалып, 24,9% психикалык кысымга алынат.

Количество просмотров: 340