Кыргызстандагы ички миграциянын негизги себептери айтылды
Кыргызстандагы ички миграциянын негизги себептери айтылды
30 Жетинин айы 2018 13:42 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 30.11.2018. Govori.TV
Кыргызстандагы ички миграциянын негизги себептери айтылды. Бул тууралуу «Республика-Ата-Журт» фракциясынын отурумунда Миграция эл аралык уюмунун өкүлдөрү билдиришти.
Маалыматка караганда, аймактардын жашоочулары иш издөө үчүн тез-тезден жашаган жерин которуп турушат. Мындан тышкары ички миграцияга жумуштун жоктугу, жакырчылык, райондун экологиялык абалынын начардыгы себеп болууда.
«Дагы бир себеби, ала качуу. Ала качуунун курмандыгы болгон кыздар айылда калбай, башка жакка жер которуп кетишет», -деп билдиришти уюмдан.
Миграциянын башка себептери болуп, укук коргоо орагндарындагы көйгөйлөр жана диний көз караштардын туура келбегендиги эсептелет.
“GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг өткөрүп жатат. Ага Ош, …