Кыргызстанга Кытайдын тышкы иштер министри Ван И расмий сапар менен келди.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Кытайдын тышкы иштер министринин расмий жолугушуусу «Ала-Арча» резиденциясында өтүүдө.
Маалыматка ылайык, министрлер тар жана кеңири форматтагы жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле Кытайдын тышкы иштер министринин президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуусу пландалган.
Жолугушуунун жыйынтыгында бир нече документке кол коюлушу күтүлүүдө.