Лейлекте айдоочу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 30-сентябда саат 01:00дөр чамасында Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 318-чакырымында Лейлек районунун Кара-Суу айылында болгон. Анда “Honda Fit” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен.
Куткаруучулар автоунаадан чыга албай кыпсылып калган айдоочуну чыгарып, “Тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен.