• Бейшемби 24 Аяк оона 2020

Коронавирустан дагы 9 адам каза болду

8 августа 2020 в 11:32 Бишкек Govori.TV

Өлкөдө бир сутка ичинде коронавирустан (пневмонияны эске алганда) 9 адам каза болду. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары, пневмонияны эсепке алганда төмөнкүдөй:

  • Бишкек – 4
  • Ысык-Көл облусу – 1
  • Ош облусу – 1
  • Баткен облусу – 1
  • Нарын облусу – 1

Кыргызстанда жалпы каза болгондордун саны 1460ка жетти.

Количество просмотров: 125