• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Лос-Анжелесте кыргыз депутаты негиздеген кинофестивалда Мерьем Узерли жардамын аяган жок

8 Жетинин айы 2019 22:03 Бишкек Govori.TV

Лос-Анжелес шаарында Эл аралык Азия кинофестивалында (Asian World Film Festival) белгилүү түрк актрисасы Мерьем Узерли фествалга жардамын аябай, чуркап жүрдү.  Бул тууралуу фейсбук колдонуучу Рыскүл Акимжанова  өздүк баракчасына жазды.

«Даңазалуу доор» сериалындагы Хюррем ролу менен бүт дүйнөгө таанылган Мерьем Узерли (Asian World Film Festival) фествалга жардамын аябай, чуркап жүрдү. Дүйнөлүк жылдыздар өздөрү ушунтип барктап, жардам берип, даңктап жатса кыргыздар-өзүбүз фестивальдын идеясын, уюштуруу командасын колдоп, барктап алабыз деген ишеничтемин. Жаман нерсе угуп, көрсөк эптеп бир тамга болсо да комментарий жазып, оюбузду билдирип калганга шашабыз. Жакшы нерсе көрсөк, көрмөксөнгө салып өтүп кетмей адатыбыз бар. Келгиле, жаманды эмес жакшы нерсени баамдап көрүп, сүйлөшүп оюбузду агартканга үйрөнөлүчү,-деп билдирген фейсбук колдонуучу.

Кошумчалай кетсек, быйыл бешинчи ирет өтө турган фестиваль режиссер, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген. 

Количество просмотров: 333