• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Өмүрбек Бабанов кайтып келет

21 Жалган куран 2019 14:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 21.03.2019. Govori.TV

«Республика — Ата Журт» фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов жакын арада Кыргызстанга келет. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган фракциянын депутаты Максат Сабиров билдирди.

«Республика — Ата Журттун» депутаттары Максат Сабиров, Руслан Казакбаев, Мирлан Жеенчороев жана Кенжебек Бокоев Орусияга барып, Өмүрбек Бабанов менен жолугуп келишкен.

Сабиров Бабанов бир айдын ичинде келип калышы мүмкүн экенин айтты.

«Өткөндө анын эч кандай күнөөсү жок экенин, саясий куугунтук болгонун ачык эле айтышпадыбы. Ошон үчүн «келем» деп жатат. Биз эми келерин күтөбүз», — деди Сабиров.

Бабанов 21-мартта “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктап, “жакында көрүшкөнчө” деп жазган.

Теги:
Количество просмотров: 8