• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бекешев: Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө мыйзам коррупционерлерге жардам берет

18 Кулжа 2020 9:55 Бишкек Govori.TV

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.

«Анда жасалма аккаунттарды, интернеттеги калптарды, терроризмди, ар-намысты жана кадыр-баркты коргоо маселелери талкууланды. Эң негизгиси, мыйзам долбоору бул жөнүндө эмес. Мыйзам долбоорунун 6-бөлүмүндө Маданият министрлиги сотко чейин интернеттеги жалган маалыматты чектей ала турганы жазылган. Адис иш бөлмөсүндө отуруп алып, чындык менен калптын кайда экенин аныктайт. Мен муну коррупционерлерге жардам берет деп белгиледим. Коррупционер Маданият министрлигине маалымат жалган деген жүйө менен арыз аркылуу кайрылышы мүмкүн. Талкуу учурунда кесиптешим Строкова жеке маселеге өтсө, Асылбаева суроо берүүгө тоскоолдук жаратып, сөзүмдү бөлдү. Сурабалдиева экөөбүз гана каршы болдук. Натыйжада, мыйзам долбоору 102 макул, 4 каршы добуш менен кабыл алынды»,-деп жазган Бекешев.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште депутаттар Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова тарабынан демилгеленген «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун талкуулоо үчүн парламенттик угуу өтөт.

Сегодня в первом чтении прошёл законопроект «О манипулировании информацией». Обсуждали фейк-акаунты, ложь в интернете,…

Опубликовано Дастаном Бекешевым Среда, 17 июня 2020 г.
Количество просмотров: 45