• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги республикалык сынак жарыялады

26 Теке 2019 9:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.07.2019.Govori.TV.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Композиторлор союзу менен биргеликте обондуу ырларга республикалык сынак жарыялады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Талаптары:

  • ырдын темасы жана идеясы заманга үндөш болушу шарт;
  • улутка, мамлекетке болгон тематикалык ырларды ар тараптан ачып ырдап берүү керек;
  • текст менен музыканын шайкештиги;
  • музыкалык тилде оригиналдуу болушу зарыл;
  • музыкалык формалардын даана, так сакталышы шарт;
  • чыгарманын мазмуну, стили жана тематикасына чектөө коюлбайт.
  •  

«Мындан сырткары, буга чейин ырдалып чыккан жана кароо-сынактарга катышкан обондор каралбайт, авторлордун жаш курагы, улуту жана кесиби чектелбейт. Катышуучулар 30-сентябрга чейин чыгармаларынын ноталарын СD-дискке MP 3 форматында көчүрүп, министрликке жана Композиторлор союзуна жөнөтүшү керек»,- деп жазылат маалыматта.

Сынактын байге фондусу 420 миң сом. Талапкерлер эмгектерин [email protected] жана [email protected] электрондук даректерине жөнөтсө болот.


Количество просмотров: 56