Кой-Таштагы окуянын себептерин Атамбаевге илип коюуга көп акылдын кереги жок. Бул тууралуу саясатчы Адахан Мадумаров билдирди.
Анын айтымында, Кой-Таш окуясы боюнча бир гана киши күнөөлү болушу мүмкүн эмес.
«Чыккан бүтүм мыйзам ченемдүү көрүнүш. Себеп дегенде күч түзүмдөрүнүн баардыгы бүгүнкү бийликке иштеп жаткандыктан аларды күнөөлү деп кантип айта алат. Жеке мен комиссиянын жыйынтыгына ишенбейм. Жыйынтык боюнча башкача көз караштар эртеби-кечпи чыгат. Кой-Таштагы окуяга бир гана киши күнөөлү болушу мүмкүн эмес. Күнөө эки тараптан кетет»,-деди Мадумаров.