Мага, балдарыма бир нерсе болсо досторум күнөөлүүлөрдүн сүрөтүн жана менин катымды жарыялайт. Бул тууралуу ырчы Бактыгүл Бадыева Инстаграмдагы баракчасына бүгүн билдирүү калтырды.
«Азыр менин дарегиме карата коркутуулар болуп жатат, мен эч кимден, эч качан коркпойм. Бир гана Кудайдан корком. Эгерде мага бир нерсе болсо сүрөттөгү адамдар күнөөлүү болот. Кийинчерээк сүрөтүн жарыялайм. Көшөгөнү ачууга туура келди. Азырынча мен ал адамдардын сүрөтүн жакындарыма, курбуларыма жөнөтүп жатам. Эгер мага, кыздарыма бир нерсе болсо досторум күнөөлүүлөрдүн сүрөттөрүн жана менин катымды чыгарат» ,-деп жазган ал.
Ырчыга кимдер тарабынан коркутуулар болуп жатканын так айткан жок.