Ички иштер министрлигинин тергөө бөлүмүнүн башчысы Султан Макилов «социалдык түйүндөрдө шайлоо участокторунда медициналык беткабына белги коюлган жарандарга даяр бюллетень берилип жатат» деген фактылар иликтене турганын бүгүн, 4-октябрдагы брифингде билдирди.
Алар бул окуя боюнча маалыматты бизден алышканын айтып, тийиштүү чара көрүлөрүн кошумчалады.
«Добушканаларда беткабы белгиленген адамдар пайда болгону тууралуу факты иликтенет. ИИМ тарабынан коомдук тартип көзөмөлдөнүүдө. Учурда абал туруктуу», — деп билдирди ИИМдин өкүлү.
Белгилей кетсек, буга чейин айрым добушканаларда беткабы белгиленген адамдар пайда болгону айтылган болчу.