• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Мал кайтарууга жайлоого кеткен 2 адам изделүүдө

21 Тогуздун айы 202410:40 Бишкек Govori.TV

ӨКМдин маалыматы боюнча, Нарын облусунун Жумгал районундагы Өрнөк айылынын 1979-жылы туулган К.Б. жана 2015-жылы туулган С.Б. аттуу тургундары мал кайтарууга жайлоого кетип, үстүбүздөгү жылдын 16-октябрынан бери дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 20-октябрь күнү түшкөн.

Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө кечээ, 20-октябрда ӨКМден 11 куткаруучу, ИИМден 12 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 60 адам жалпы 83 адам тартылып, издөө жумуштарын аткарып натыйжа болгон эмес.

Бүгүн, 21-октябрда Жумгал райондук №43 ӨКБдан 7, №44 ӨКБдан 5 жалпы 12 куткаруучу, ИИМден 20 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 65 адам жалпы 107 адам тартылды.

Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 194