• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Мамытканов: Президенттик шайлоо мүмкүн болушунча таза жана ачык-айкын өтүшү керек

19 Жетинин айы 2020 11:51 Бишкек Govori.TV

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мүмкүн болушунча таза жана ачык-айкын өтүшү керектигин белгиледи. 

«Бардык мамлекеттик органдар президенттик шайлоону жогорку деңгээлдеги уюшкандыкта өткөрүү үчүн бардык аракеттерди көрүшү керек», — деди Максат Мамытканов.

Вице-премьер-министр белгилегендей, бардык маселелер биргеликте жана тез арада чечилиши керек.

«Биз бардык аткаруу бийлик органдарынын координацияланган ишин көрсөтүшүбүз керек. Буга чейинки Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо биз үчүн чоң сабак болууга тийиш», — деди Максат Мамытканов.

Андан соң Кыргыз Республикасынын Президентин кезексиз шайлоого чейинки жана андан кийинки иш-чаралардын планы талкууланды. 

Вице-премьер-министр белгилегендей, планды бекитүүдө жарандардын, мамлекеттин коопсуздугун жана укук тартибин камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруу керек.

«Биздин ишибиз азыр коомчулуктун тыкыр көзөмөлүндө. Өлкөнүн ар бир жаранынын шайлоо укугу толугу менен жүзөгө ашырылышы керек», — деп сөзүн жыйынтыктады Максат Мамытканов. 

Отурумдун соңунда мамлекеттик органдарга жана Өкмөттүн Аппаратынын тармактык бөлүмдөрүнө тез арада Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону уюштуруу планын бекитүү боюнча сунуштарды карап чыгуу жана киргизүү тапшырмасы берилди.

Количество просмотров: 57