• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Масалиев: Каникулга чыккан депутаттар 200-300 миң өлчөмүндө эмгек өргүү акчасын алат

1 Теке 2021 15:44 Бишкек Govori.TV

Каникулга чыккан депутаттар 200-300 миң өлчөмүндө эмгек өргүү акчасын алат. Бул тууралуу мурдагы депутат Исхак Масалиев Фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.

Масалиев 30-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары быйылкы сессиясын жыйынтыктап, каникулга тарап кеткенин сынга алды.

«Керек болсо айлык да албайбыз деген сөздөр эсиңерде барбы? Конституцияны кабыл алып, анан жаңы шайлоо болот деп мыйзам кабыл алышкан болчу. Мөөнөтүн 2021-жылдын июнь айына чейин узартышкан. Ал эми мыйзамдын аткарылышын ойлоп да койгон жок. Эми чарчашып каникулга чыгып кетишти. Бир ай эл менен жолугат, бир ай эс алат. 200-300 миң сомдон акча берилет. «Отпускной» дейт аны»,-деп жазган Масалиев.

Количество просмотров: 622