• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Матраимовдун буйрутмасын аткарып жүргөм деген адам кармалды

11 Чын куран 2020 12:52 Бишкек Govori.TV

Буга чейин Бажы кызматынын мурунку кызматкери Эмил Кимсановдун жубайы Мария Заворотняя президент Сооронбай Жээнбековдон жардам сурады. Анын видеокайрылуусун «Клооптун» редакциясы жайгаштырган. Заворотняя жолдошунун Кыргызстандагы «таасирдүү адам менен болгон чатагынын» айынан үй-бүлөсүнө коркутуулар түшкөнүн айткан.

Заворотняя анын үй-бүлөсүн «таасирдүү адам» милиция жана спортсмендер аркылуу коркутуп жаткандыгын айтат.

«Алар мени, жолдошумду жана балдарымды өлүм менен коркутушкан. Ушуга байланыштуу жолдошум биздин жаныбыздын амандыгынан кооптонуп чет өлкөгө жиберген», — ушул жерден анын видеокайрылуусу үзүлөт.

Мындан көп узабай «Азаттык» дагы бир кайрылуу чыгарды. Ага ылайык учурда Бишкектеги №1 Тергөө абагында отурган Эмилбек Кимсановдун видеосун анын жубайы Мария Заворотняя «Фейсбук» баракчасына 10-апрелде кечки саат сегизден өткөндө жарыялаган. Аталган видео тасмада Эмилбек Кимсанов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов эркине койбой жумушка тартканын, «Азаттык» радиосунун Прагадагы кеңсенин кызматкери, иликтөөчү журналист Али Токтакуновдун үй даректерин жана башка жеке маалыматтарын берип, «өлүүбү, тирүүбү таап келүү» тууралуу буйрук бергенин айтат.

Анын Райымбек Матраимовду айыптаган билдирүүсү качан жана кайсы жерде тартылганы белгисиз. Тасма боюнча Кыргызстандын укук коргоо органдары азырынча комментарий бере элек.

Матраимов журналист Али Токтакуновдун өлүгүн же тирүүсүн алып кел деген. #свободужурналистам #Алитоктакунов #матраимов #коррупция #власть #заказ #покушениенаубийство #месть #азаттык #жээнбеков

Опубликовано Ренатом Самудиновым Пятница, 10 апреля 2020 г.

Ал эми депутат Искендер Матраимов — Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы — алардын үй-бүлөсүнө каршы криминалды колдонуу аракети болуп жатканын билдирип, жогорудагы кайрылууларды каралоо катары баалаган.

Ал арада коомчулукта Матраимовдун пиар адиси деп айтылып келген журналист Элнура Алканова Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү таратып, видеодогу адамга канчалык деңгээлде ишенсе болот деген суроо салып, Али Токтакуновго кайрылды.

Кошумчалай кетсек, Токтакунов — Кыргыз бажысындагы коррупция, аткезчилик жана Кыргызстандан 700 млн доллардан ашуун чыгарылган акча тууралуу масштабдуу журналисттик иликтөөнүн авторлорунун бири. Ал иликтөөнү «Азаттык», «Клооп» жана OCCRP басылмалары биргеликте 2019-жылы чыгарышкан. Иликтөөнүн үстүндөгү иш аңдуулар жана басым көрсөтүүлөр менен коштолгон. Токтакунов өзү Чехияда иштейт. Анда «Азаттык» радиосунун башкы кеңсеси жайгашкан. Журналисттик иликтөөнүн чыгышына аз калганда маалыматчы Айэркен Саймаити өлтүрүлгөн. Аталган ишкер бажыдагы аткезчиликти башкарган Абдукадыр кланына иштегени боюнча далилдерди келтирип берген. Ошондой эле Саймаити аткезчиликти бажыдагы коррупциялык тармактын жардамы менен ишке ашырууга мүмкүн болгон деп билдирген. Аны болсо бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланыштырган.

Количество просмотров: 9372