• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мавлянова: Ош аэропортундагы унаа токтотуучу жай үчүн акы алуу мыйзамсыз

23 Үчтүн айы 2019 9:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.01.2019. Govori.TV

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде депутат Махабат Мавлянова, Ош аэропортундагы шарттарга токтолду. Анын айтымында аэропорт жетекчилиги өз кызматкерлери үчүн шарт түзүп, ал эми жөнөкөй элдердин кызыкчылыгы каралган эмес.

“Ош аэропортунда тосмо коюп коюп, унаа токтотуучу жайды акы төлөнө турган кылып коюшкан. Ал жерде акы алынып жатканы мыйзамга туура келбейт. Жолдор тууралуу мыйзамдын 20-статьясында жазылгандай, альтернативдик жол болбосо акы төлөнбөшү керек. Ал мыйзамга караба ал жерди тосуп алып акча алып жатышат. Экинчиден аэропорттун жанындагы унаа токтотуучу жайды азыр кызматкерлери үчүн шарт түзүп алышкан. Тескерисинче элди аэропортко жакын жерге унаа токтотуусу үчүн шарт түзүлүшү керек эле”,-дейт Мавлянова.

Бул туурасында Ош аэропортунун директору Талант Исаков унаа токтотуучу жай кызматкерлер үчүн курулганын жана мындай сын-пикирден кийин анын схемасын ойлоп көрүүнү айтты.

“Биз мурдагы жылы унаа токтотуучу жайды ачканбыз. Жалпы бир гектар аянтты ээлейт. Аэропортто иштеген Бажы кызматкерлери, чек ара кызматкерлери, өзүбүздүн кызматкерлер үчүн кызматкердик унаа токтотуучу жай куруп бергенбиз. Бүгүнкү тармактык комитеттин жыйынынан кийин бөлөкчө жасоо схемасын да карап көрөлү. А негизи шарттар барына бирдей эле каралган”,- дейт Талант Исаков.

Количество просмотров: 37