• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Медреседе окуган кыздарга диний радикалдашуунун кесепеттери жөнүндө маалымат берилди

10 Чын куран 2023 16:28 Бишкек Govori.TV

Диний окуу борборунда окушкан кыздарга диний радикалдашуунун кесепеттери жөнүндө маалыматтар берилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан 2022-2026-жылдар ичинде мамлекеттин диний чөйрөдөгү концепциясынын пландарынын тийиштүү пункттарын аткаруу максатында Бишкек шаарында жайгашкан диний окуу борборлорунда жана медреселерде окушкан тарбиялануучулар менен жолугушуулар өткөрүлүүдө.

«2023-жылдын 10-апрелинде диний окуу борборлорунда жана медреседе окушкан кыздар менен жолугушуу өткөрүлүп, диний радикалдашуунун кесепеттери жөнүндө кенен түшүндүрмө берилип, бул багыт боюнча алардын маалымдуулугун, укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча агартуучулук иштер аткарылды. Жолугушуу учурунда “Кыргызстандагы диний радикалдашуунун алгачкы белгилери жана аларды алдын алуу”, “Экстремисттик жана террористтик уюмдардын коркунучтары, өзгөчөлүктөрү”, “Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты”, “Жаштар арасында диний радикалдашууну жана улуттар аралык чыр-чатактарды алдын алуу” темасындагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 82