• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Мен кутулдум эми өзүңөр күрөшкүлө». Арстан Алай шайлоодон кийин пикирин билдирди

11 Үчтүн айы 2021 19:02 Бишкек Govori.TV

Президенттик шайлоодон кийин талапкерлердин бири Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай)шайлоо тууралуу пикирин билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуувидео кайрылуу жасады.

«Кечээ шайлоо болуп өттү. Мен маани берген деле эмесмин, бүгүн ордого келсем мага акыркы орунду алганымды айтышты. Бүгүн журналисттер Садыр жеңди, буга кандай дейсиз деп келишиптир. Садыр жеңген жок. Бир кезде Сооронбай жеңген. «Соке досум, бактылуу бол» деп Алмазбек Атамбаев бата берген. Кийин эмне болду? Эл кыйналып, 3 жылда кыргызды артка тартты. Эл эмоцияда жүрүп, ар кандай вирустар пайда болду. Ошол сыяктуу эле азыр Садыр жеңген жок. Ал кыргызга кырсык, кыйынчылык, азап гана алып келет. Менде күнөө жок, мен сабагымды өттүм, мээримимди төктүм. Элдин алдында бардык милдеттеримди аткарып бердим. Кечээтен бери түштөрдү көрүп, менин жашоом абдан бейпил болуп жатат. Ошондуктан мен карызымдан кутулдум. Арстан Алай кутулду, эми эл карыз деген аян бар. Кыргыз эли, эми өзүңөр күрөшкүлө», — деп билдирген ал.

Количество просмотров: 10567