• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Менчик автомектептердин лицензияларын текшерүү сунушталды

28 Теке 2021 13:08 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакирдин Субанбеков Министрлер кабинетине менчик автомектептердин лицензияларын текшерүүнү сунуштады.

Анын айтымында, соңку күндөрү өлкөдө жол кырсыктары көп катталууда.

«Акыркы 20 жылдын ичинде көптөгөн жеке менчик автомектептер ачылды, алар талаптагыдай билим бербейт жана айдоочулук күбөлүк беришет. Министрлер кабинети буга көңүл буруп, алардын лицензиясын текшериши керек. Жол кырсыктары мас абалында рулга отургандар көп болгондуктан, айдоочулардын тажрыйбасы жок болгондуктан көп катталып жатат», — деп билдирди Субанбеков.

Количество просмотров: 65