13-июль күнү Ысык-Көл районуна караштуу Чок-Тал айылында жайгашкан “Пальм Бич” эс алуу жайынын көл жээгинде жарандардын ортосунда жаңжал чыгып, ал мушташ менен жыйынтыкталган.
Облустук милициянын маалыматы боюнча, аталган факты Ысык-Көл РИИБдин маалыматтык электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу дароо жөнөтүлгөн.
«Алдын ала териштирүү иштеринин жүрүшүндө, болжол менен саат 18:30 чамасында пирс аймагында эс алуучулар менен куткаруучулардын ортосунда пикир келишпестик жаралгандыгы аныкталган. Маалыматка ылайык, куткаруучулар коомдук тартипти сактоо максатында эс алуучуларга эскертүү берген учурда, эс алуучулардын бири куткаруучуну ур-тепкиге алган. Натыйжада, окуяга эс алуучулар, куткаруучулар жана эс алуу жайынын күзөтчүлөрү аралашып, жапырт мушташ орун алган», — деп айтылат маалыматта.
Мушташка катышкан жарандардын өздүгү такталып, төмөнкү адамдар Ысык-Көл РИИБге жеткирилген:
• А.А., 1999-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну;
• К.А. 1996-жылы туулган, К.К., 1999-жылы туулган, жана М.Б., 1999-жылы туулган, Жалал-Абад шаарынын тургундары;
• К.А., 1999-жылы туулган, Жалал-Абад облусунун Барпы айылынын тургуну;
• А.Т., 1999-жылы туулган, Сузак районунун Жаны-Дыйкан айылынын тургуну.
Бул жарандар тергөө кызматкерлерине өткөрүлүп берилген жана алардын аракеттерине юридикалык баа берилүүдө.
Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүүдө.