• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Милициянын кайгуул кызматкери пара берип жатканда кармалды

13 Чын куран 2023 11:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаары боюнча Милициянын кайгуул кызматкери 10 миң сом пара берип жатканда кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиршти.

Маалыматка ылайык, Кызматтык текшерүүнүн материалы боюнча кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө «Рено-Логан» үлгүсүндөгү бузулган патрулдук автоунаага мыйзамсыз күйүүчү майды негизсиз эсептен чыгаруу фактысы аныкталган.

Аталган материалды кароодо Бишкек шаары боюнча милициянын кайгуул кызматынын У.Б. аттуу кызматкери маселени оң жагына чечүү үчүн ИИМдин Ички иликтөө кызматкерлерине 10 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаттын сунуш кылган.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-бөлүмүндө 2-пунктунда («Пара берүү») каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Ошентип, 12-апрелде болжол менен саат 15:10 чамасында ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан Ички иликтөө кызматынын кызматык бөлүмдөрүнүн биринде 10 миң сом акча каражатын берип жаткан жеринен Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматынын автотранспорт-чарба бөлүмүнүн инспектору Б.У. ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилип, андан соң Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Количество просмотров: 1294