• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноого шектүү жаран кармалды

3 Аяк оона 2019 9:24 Бишкек Govori.TV

Ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйүн тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ырчы социалдык тармакка видео кайрылуу жасап, ыраазычылыгын билдирди.

ШИИББдин маалыматына ылайык, кармалган Б.М. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

««Талап-тоноо» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ал талап-тоноо кылгандан кийин Ысык-Көлдө жашырынып жүргөн. Шектүү Каракол шаарынын кафелеринин биринен кармалды. Ал 24 жаштагы Б.М. болуп чыкты. Анын унаасын тинтүү маалында далилдөөчү буюмдары табылды. Учурда милиция калган шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам издөө иш-чарасын улантууда», -деп билдиришти ШИИББдан.

Количество просмотров: 136