• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

КТРК «Ата-Мекенге» эфир бербей койду. Момбеков Үсөн уулун зекиди

10 Кулжа 2020 17:14 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында КТРКнын Байкоочу кеңешинин бир жылдык отчёту каралып, анда депутат Рыскелди Момбеков аталган каналга нааразычылыгын айтты.

Депутаттын айтымында, эки мүнөттүк сюжетти көрсөтүү үчүн КТРК үгүт иштеринин тарифи менен 176 миң сомду алып, кечинде кайра көрсөтүүдөн баш тарткан.

«Азамат Болгонбаев Байкоочу кеңештин төрагалыгына келгенде сүйүндүм эле. Азамат иним акын, акыйкатка жакын деп кубангам. Бирок калыстыгыңызды көрө алган жокмун. Сиздин отчётуңуз башкаруучу органдын эмес, аткаруучу органдын баяндамасы болуп калыптыр. Өткөн аптада бир нече саясий партиялар биригип, шайлоого ынтымак менен баралы деген эки мүнөттүк сюжетти КТРКга төлөп көрсөтүп койгула десек, үгүт иштеринин тарифи менен 176 миң сомду алып, кечинде кайра баш тартты. Атамбаевдин убагында Карыпбеков да мындай кара санатайлыкка барган эмес. Эмитен элди экиге бөлүп жатасыңар. Силер ушундай тейлөө менен президенттин саясатына саботаж кылып жатасыңар. Шайлоо баштала электе шайтан оюндарды баштадыңар», — деди Момбеков.

Байкоочу кеңештин төрагасы Азамат Болгонбаев бул маселени калыс чечип бергенге аракет кылыша турганын билдирди.

Количество просмотров: 235