• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Момбеков Зулушевге: Бул башкы прокурордун эмес, башка прокурордун отчёту

21 Чын куран 2021 15:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңеш Башкы прокурордун ишмердүүлүгү боюнча отчётун угуп жатат.

Анда Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков депутат Дастан Бекешевди эмне себептен суракка чакырышканын сурады.

«Ала кушту атынан атайын же ачыгын айтайын. Бул башкы прокурордун эмес, башка прокурордун отчёту. Өткүрбек Жамшитов жок, аралаштырып суроо берейин. Менин кесиптешим Дастан Бекешевди ИИМ 5-9 октябрдагы окуялар боюнча күбө катары чакырып жатышат. Көрүп билгениңизди айтып бериңиз деп. Дастан Бекешевдин көзү көрүп калды беле же анын көргөнүн булар көрүп калды беле? Муну кандай түшүнсө болот?», — деп сурады депутат.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев: «Дастан Бекешев чакырылган болсо, демек алардын маалыматы боюнча, ушул окуяга аралашып жүрсө керек. Мен мунун мыйзамдуулугун тактайын», — деди.

Количество просмотров: 1499