• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Москванын бардык жашоочуларына карантин жарыяланат

30 Жалган куран 2020 9:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-марттан тарта Москванын бардык жашоочуларына карантин жарыяланат. Бул тууралуу РИА Новости калаа мэри Сергей Собянинге шилтеме берип жазды.

Маалыматка караганда, мындан ары шаардын бардык курактагы тургундары тийиштүү себептер менен гана сыртка чыга алат.

“Жарандар ооруканага, дүкөнгө, дарыканага бара алат. Ошондой эле үйүнөн 100 метр алыстыкка чейин үй жаныбарын сейилдетүү үчүн же таштанды төгүүгө чыгышса болот. Жумушка барууга милдетүү адамдар дагы үйүнөн чыкса болот”, — деп айтылат маалыматта.

Жакынкы күндөрү шаардыктар атайын уруксат кагаз менен гана сыртка чыга башташат. Андай баракчалар Москва өкмөтү киргизген эрежелердин негизинде берилет. Мындай чаралар коронавирустун жайылышын токтотуу максатында жасалууда.

Количество просмотров: 249