• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Мыйзамсыз миграция. Ош шаары

11 Баш оона 2021 12:21 Бишкек Govori.TV

Жыл сайын Кыргызстандан он миңдеген адамдар жумуш издеп сыртка кетүүгө мажбур.  Бирок бул өлкө коңшу Борбор Азиядалык мамлекеттерден келген эмгек мигранттарын өзүнө тарткан борбор экендигин аз гана адамдар билишет. Айрыкча алардын саны Кыргызстандын түштүгүндө, Өзбекстан менен чектешкен аймактарда көп. Өзгөчө бул көрүнүш Ош шаарына таандык.

2016-жылы Шавкат Мирзиёев Ташкентте бийликке келип, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер жөнгө салына башталып, Өзбекстандан Кыргызстанга каттаган адамдардын агымы кескин көбөйгөн.

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, 2017-жылы кыргыз-өзбек чек арасынан 1,8 миллион адам өткөн, 2018-жылы 8 млн. 200 миң, 2019-жылы болсо 12 миллиондон ашкан. Коронавирус пандемиясынын жайылышы менен 2020-жылы чек арадан адамдардын агымы дээрлик үч эсеге азайып, бүгүнкү күнгө чейин ошол санда сакталып турат.

Бири туугандары менен жолукканы келсе, калгандары Фергана өрөөнүндөгү эң ири Кара-Суу базарында, соода кылуу максатында жол тартып келет. Дагы бир жоон топ –  эмгек мигранттар.

Кыргызстан менен Өзбекстандагы ортосундагы эң ири өткөрмө бекети, Ош шаарына чектеш “Достук” бекети. “Азаттыктын” маалыматы боюнча, бул жерден күн сайын 300гө жакын адам өтөт. Алардын көпчүлүгү жумуш издеп “мардикор-базар” деп аталган жерге бет алышат.

Мигранттын түйшүгүн түшүнүү үчүн биз өзүбүздүн кесиптишибизди, бул базардан, бирөөгө жалданып бир-эки күн иштеп берүүнү сурандык. Ошентип Өзбекстандан келген дагы үч жумушчу менен кошо биргеликте Шекер мигранттар кабылган түйшүгүн өз териси менен сезип чыкты. 

Азыр мигранттар иштөөгө макул эң төмөн эмгек акы күнүнө 1000 сом ($12) түзөт. Бирок Шекер эрте кеткени үчүн болгону 500 сом ($6) тапкан.

Коронавирус илдети тарашы менен чек ара бекеттериндеги коррупция олуттуу түрдө күчөгөнү аныкталды.

Чек арадан өткөндө, Covid-19 тест тапшырбайт экен. Алар болгону миң сом ($12) төлөп, ден-соолугу чың деген штамп алышат. Паспортко да кандайдыр бир штампты коюу үчүн миң сом алып кетишет. Натыйжада, алар эки миң сомго ($24) өтүп кетишет. Кайра кайтып келе жатып, Өзбекстанга кире бериште, Ковид менен чалдыкпаган деген далил үчүн, биздин акчага болжол менен миң сом ($12) алышат”,-деди Шекер Исмаилов.

Ош калаасында көптөгөн жаңы имараттар курулуп жатат. Мигранттардын эмгеги да бул курулуш тармагында кенен колдонулат.

Арслон болгону 18 жашта. Анын 5 кишиден турган үй-бүлөсү түздөн-түз ал тапкан кирешеден көз каранды.

Арслон, үй куруучу:

– Күнүнө 700-800 сом болсо ($8-19), анда айына 21 миң сом ($249) чыгат. (Улуттук статистика комитетин маалыматы боюнча бул өлкөдөгү, салык кошулбаган орточо айлык24.kg маалыматтык агентиктин изилдөөсү боюнча 4 кишидент турган үй бүлөнүн керектөө куржуну бир жумада 5000 сом ($59) түзөт).

– Үйгө канча жолу барып турасынар?
– Каттоонун мөөнөтү аяктаганда. Эки айда бир жолу.
– Каттоодо кыйынчылыктар болдубу?
– Жок, жок, жок. Бул суроону үй ээси чечет.
– Акча төлөйсүңөрбү?
– Каттоо үчүн биз 120 сом ($1,4 ) төлөйбүз.

Арслон жакын келечектеги кыялы жөнүндө да айтып берди.

  • Мен Өзбекстанда өз ишимди ачкым келет. Үч-төрт адамдан турган топту чогултуп, куруучунун ишин улантайын деп ойлойм.

Мигранттардын кыйла бөлүгү көмүскө экономика тармагында. Химия Суеркулова, “Мастер радости” коомдук уюмунун жетекчисининмаалыматы боюнча, алар сексуалдык кызмат көрсөткөндөрдун арасында өзгөчө көп.60 пайыздан ашыгы башка өлкөлөрдөн келишет. Алар негизинен Өзбекстандын жарандары

Бул кесиптин өкүлдөрү Ош шаарынын так четинде жайгашкан.

– Өзбекстандан барбы?
– Бар, мен.
– Сиздин атыңыз ким?
– Фатима.
– Канча болот?
– Түн – үч миң ($36), массаж менен.
– Бир сааткачы?
– Бир жарым миң ($18).

Өзбекстандан келген айымдарды телефондон да тапса болот.

– Өзбекстандын кайсы аймактарынан келишет?
– Бардык жерден. Андижан, Наманган, Фергана, Кокон. Бардык жерден келишет.
– Салыштыруу үчүн бул жерде жана ал жактагы акы кандай?
– Бизде аз да. Бизде  500 (6 $) болсо, бул жерде 1000 (12 $) иштеп табабыз.
– Суроом үчүн алдын ала кечирим сурайм. Эмне үчүн башка жумуштардан тышкары, бул ишке да барууга мажбурсуз?
– Аргасыздан да. Биз кандайдыр бир жол менен аман калышыбыз керек. Үйдө отурсам, ачкадан өлүп калам да. Туурабы? Мага ким акча берет? Мамлекет бербейт. Мен пенсионер эмесмин, акча күтө турган жер жок. Өзүмдү жана үй-бүлөмдү бакканга аракет кылып жатам.

Химия Сүйөркулованын айтымында, так ушул кесиптин ээлери эң чоң тобокелчиликке дуушар. Паспортторун алып кетип калышат. Журналисттерге маалымат беребиз, туугандарына маалымат таратабыз деп шантаж кылышат. Алар көп учурда карызкор болуп калышат. Анткени алар кийим сатып алышат, жатакана, тамак-аш үчүн акы төлөшөт жана ошондондон карыз болуп калышат – алар карыздарын жабыш керек. Демек, алардын укугу так ушул жерде бузулат.

Мигранттар мыйзамсыз иштегени аткаминерлер, жергиликтүү тургундар үчүн дагы жашыруун эмес. Мындай абалынын пайдаланып укук коргоо кызматкерлери аларды кысым кылганы көп кездешет.

Тахир Сабиров, “Улыбка” коомдук уюмунун өкүлү: Бизге коңшу Баткен облусунда Өзбекстандын жараны оор абалда, кулчулукта экендиги кабар келип түштү. Көрсө, ал Кыргызстанда жүргөнүнө жарым жылдан ашыптыр. Жалдаган киши анын паспортун тартып алган. Коркутуп келген. Өмүрүнө да коркунуч келген. Таштанды төгүүчү жайда иштегенге мажбурлаган. Жашоо шарттары абдан начар болчу. Ал ачкачылыктан кыйналып жатыптыр. Биздин аракеттери менен ал мекенине жиберилди.

Токтокан Мамбетова, «Өмүр булагы» коомдук уюмунун жетекчиси: Шертай, деген жигит Кадамжай районундагы, Ноогардан айылына Өзбекстандан мигранттарды алып келет. Эки күндөн кийин милиция алардын паспорттун күч менен алып коюшат. Жергиликтүү тургун Кылыч, паспрортту кайтарып берүү үчүн акча доолап алат. Паспортторун кайтарып берет, бирок ал үчүн 25 күн акысыз иштетет.


Назгуль Карыева, “Эла агартуу” коомдук уюмунун өкүлү: Андижан облусунан төрт жигит жумуш издеп Таш-Көмүр шаарына келет. Үй куруп баштайт. Милиция кызматкери алардын паспортторун тартып алып, РОВДга чакыртат. Мыйзамсыз чек араны өттү деген шылтоо менен 10000 сом ($120) айып пул төлөгөнгө мажбурлайт. РОВДдан кое бергени учун дагы акча доолоп алат.

Бул маселени чечүүнүн жолдору ар кандай. Ишкерлердин ою боюнча эмгек мигранттардын каттосун жеңилдетип, баасын да арзандатыш керек. 

Талантбек Эшкозуев, «ЭкоИсламикБанк»тын Жалал-Абадд шаарындагы өкүлчүлүктүн башчысынын орун басары:

Өзбекстандан расмий түрдө жумушчуну алып келүү үчүн Бишкеке барууга туура келет. Анткени ТИМдин өкүлчүлүгү бул жерде жок. Ошондо бир кызматкер үчүн бир бир айда патент жана социалдык төлөмдөр менен кошо 9600 сом ($114) төлөш керек. Жыйынтыгында бир сырттан келген кызматкерге 42200 сомов ($500) чыгат. Бул эбегейсиз чоң чыгым.

Бүгүнкү күндө, Кыргызстанда мыйзамдуу иштөө үчүн эмгек мигрант айына 800 сом ($10) турган патент алышы керек. Антпесе, Ички иштер министрлигинен 10 миң сом ($118) жана Салык инспекциясынан дагы 3 миң сом ($36) айып пул төлөөгө мажбур.

Бул кырдаалды өзгөртүү үчун юристтер мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт.

Азизбек Ашуров «Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери» уюмунун негиздөөчүсү:Чет элдик жумушчларды тартуу үчүн бизде квоталар бар. Алар адискөй чет элдик жарандарга гана каралышы керек. Кыргызстанга курулуш же талаа жумуштарына келген адамдарга жөнөкөйлөштүргөн тартипте уруксат же патент берилсе болот. Ошондо алардын укуктары корголот. Тиешелүү салыктар да Кыргызстанга келип түшөт.

Укук коргоочулардын ою боюнча негизги басым эмгек мигранттар менен тынымсыз байланыш түзүү болушу кажет.

Назгуль Карыева, “Эл агартуу” коомдук уюмунун өкүлү: Кыргызстанда, Өзбекстандагыдай ишеним телефонун уюштурсак жакшы болмок. Анткени мигранттар кимге кайрыларын билбейт. Жардам сураганга канал тузуш керек.  Биз дагы тез реакция жасай алмакпыз.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Өзбекстандан биздин өлкөдө иштөөгө патент алган эмгек мигранттарынын саны орто эсеп менен жылына 100 адамды түзөт. Ошону менен кошо ТИМдин катында, эмгек мигранттардын чек аранын боюндагы ишмердүүлүгү жөнгө келтирилбегени баса белгиленген.


Ош шаарынын салык инспекциясынын жообунда 2020-жылы чет өлкөлүк жарандарга 141 патент берилгендиги аныкталды. Ал эми 2019,  “пандемияга чейинки” жылы, мындай патенттер эки эсе көп болгон – 283.

2018-жылы күзүндө парламентте сүйлөп жатып, депутат Кенжебек Бокоев Өзбекстандан келген эмгек мигранттарынын санын жылына 100 000 деп айтып чыккан.(https://www.for.kg/news-529264-ru.html) Бирок чындыгында катталбаган мигранттардын санын эч ким так билбейт жана бул олуттуу көйгөйдү жаратып жатат.

“Көмөктөшүү борборунун” жетекчиси Акылбек Ташбулатовкөп жылдан бери бул маселени изилдеп жүрөт.

Мындай кырдаал – биздин ички эмгек рыногубузга коркунуч туудурат. Биздин жарандардын Орусияга, чет өлкөгө агылып кетишине өбөлгө түзөт. Анткени, биздин жарандар, эмгек мигранттардын атаандаштыгына туруштук бере алышпайт. Албетте, арзан кызматтарды сунуш кылган кошуналарга уттурушат.

Ал эми эмгек мигранттардын бул маселени чечүү жолдору төмөнкүдөй.

700 – 800 сомго ($8-9) патент берсин, бирок каттоону алып койсун. Биз Кыргызстанга  киргенден кийин 800 – 1000 сомго ($9-12) бир айга патент алууга даярбыз.

Тахир Сабиров, “Улыбка” коомдук уюмунун өкүлү: Алардын өтүнүчү боюнча, чек аранын бекетинде патент беришсе. Мисалы бир айга, алты айга, алар бир жылга төлөөгө да даяр. Кыргызстанда да эркин жүрүүгө жол ачылмак.

Мыйзамсыз эмгек миграция – Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна түздөн түз коркунуч туудурат! Аны ого бетер дагы оорлотуп жаткандыгы –  Кыргызстан менен коңшу мамлекеттердин ортосундагы чек араларды тактоо процесси аягына чыга электиги. Анын үстүнө биздин аймакта төрт өзбек жана эки тажик анклавы бар экенин эстен чыгарбасак.

Эмгек мигранттары ишмердүүлүгү – Кыргызстан менен Өзбекстандын экономикасына дагы пайдалуу. Ошондуктан, алардын статусун мыйзамдаштырып, бардык бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу абдан маанилүү. Бул үчүн бийликтин саясий эрки жана бүт коомдун колдоосу керек. Бул азыркы мезгилдин талабы!

Адиль Турдукулов
Болот Сатаркулов
Александр Тропейко

Бул иликтөө NewsPrice эл аралык медиадолбоор жана Прагалык жарандык борбордун колдоосу менен ишке ашты.

Теги:
Количество просмотров: 170