• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Мыйзамсыз паспорт берүү фактысына байланыштуу 36 кылмыш иши козголду

15 Жетинин айы 2019 14:25 Бишкек Govori.TV

Жыл башынан бери мыйзамсыз паспорт берүү фактысына байланыштуу 36 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов Жогорку Кеңештин «Республика – Ата Журт» фракциясынын 15-ноябрдагы жыйынында билдирди. Анын маалыматына караганда, мыйзамсыз паспорт берүү боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлерине байланыштуу сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.

Жакында эле Стамбулда киши колдуу болгон Кытай жараны Айеркен Саймаитиге жасалма кыргыз паспорту берилгени аныкталган. Ал жасалма паспортту Сузак районунан алганы белгилүү болгон. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бул фактыга байланыштуу 1,5 ай мурда райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адисине айып коюлуп, иш сотко өткөнүн жарыялады.

Саймаити Кыргызстанда издөөдө жүргөн. Ал эми ИИМдин 13-ноябрдагы маалыматына ылайык, Саймаити колдонуп жүргөн жасалма ID карта менен чет элдик паспортто 1982-жылы туулган Самятов Эркин Салимович деп жазылган.

Стамбулда 10-ноябрда киши колдуу болгон кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөн жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.

Аны өлтүрүүгө шектүү катары үч адам Түркияда кармалган.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 121