• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жол эрежесин бузган айдоочулардын айдоочулук күбөлүктөрү алынбайт

6 Үчтүн айы 2019 5:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.01.2019.Govori.TV

Чүй облусунун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспекторлору жеке жана коомдук транспорттун айдоочуларынын арасында жаңы ишке кире турган эрежелердин жол жоболорун айтып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Бул тууралуу  Чүй олустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 1-январынан тарта жол эрежелерин бузуудагы айып пулдардын баасы көтөрүлгөн.
Жаңы эрежелерге ылайык, калктуу конушта коопсуздук курун тагынбаганы үчүн: — жеке адамга — 1000 сом;
— юридикалык жактарга — 5000 сом;
Ал эми калктуу конуштан сырткары жолдо коопсуздук курун тагынбаганы үчүн: — жеке жактарга — 3000 сом; — юридикалык жактарга — 13 000 сом;

• Унааны алкоголдук ичимдик ичип, наркотикалык же токсикомандык абалда башкаргандыгы үчүн: — жеке жактарга 17 500 сом;

Ичимдик ичип унаа башкарган айдоочуларга 17 500 сом айып пул салынат. Бул жеке жактарга тиешелүү сумма.

—  юридикалык жактарга 55 000 сом
• Алкоголдук, наркотикалык же токсикомандык абалдагы адамга унааны ээн-эркин башкарууга бергендиги үчүн: — жеке жактарга 15 000 сом; -юридикалык жактарга 45 000 сом;
• Мас абалын текшертүүдөн баш тарткан айдоочуга: 5500 сомдон, 17 000 сомго чейин айып пул салуу каралган.

• Кесилиште, ашып өтүүдө жол эрежесин бузуу, унаа айдап бара жатып телефон менен сүйлөшүү ж.б .у.с нерселерге дагы айып пул салуу унутта калган эмес.

Телефон  менен сүйлөшсөңүз 3 000 сомдон, 13 000 сомго чейин айып пул төлөп калууңуз мүмкүн.

Эгер бул эрежелерди бузган болсоңуз, анда 3 000 сомдон, 13 000 сомго чейин айып пул төлөп калууңуз мүмкүн.
• Куткаруучу унааларга жол бошотпой калсаңыз: — жеке жактар — 5500 сом; — юридикалык тарап — 17 000 сом айып пул төлөйт.  Ал эле эмес, жөө жүргүнчү жол эрежесин бузса: — жеке жак — 1000 сом;

Жөө жүргүнчүгө 1000 сомдон, 5000 сомго чейин айып пул салынат.

-юридикалык тарап — 5000 сом төлөөгө милдеттендирилет.

•Айдоочулук күбөлүгү жок унааны башкарууга: — жеке жактарга — 5500 сом; — юридикалык жактарга — 17 000 сом айып пул салынат.

• Статистикада көрсөтүлгөндөй, 2018-жылы эң көп жолу эреже бузган факт — коопсуздук курун тагынбаган айдоочулар болгон. Мурун коопсуздук курун тагынбаганы үчүн айдорчулар 300 сом төлөшсө, эми 1000 сом төлөөсү керек болот.

Ички ичтер министрлигинин маалыматында, жалпы 8 пунктка өзгөртүүлөр киргизилген. Мындан ары жол эрежелерин бузган жарандардын айдоочулук күбөлүктөрү алынбайт, бирок милдеттүү түрдө протокол толтурулат. Айып пулдар 1 айдын ичинде төлөнбөсө, талап аткарылбаса, айып пулдун суммасы күнүнө 0,5 пайызга өсө турганы буга чейин белгилүү болгон.

Мындай өзгөрүүлөр жол коопсуздугун камсыздоодогу максатына жетеби? Аны убакыт көрсөтөт..

Количество просмотров: 46