• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Нарматованын “чет элдик өкүл” долбоорун ЖК комитети карайт

2 Тогуздун айы 2023 13:26 Бишкек Govori.TV

“Чет элдик өкүл жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин 3-октябрдагы күн тартибине кайрадан киргизилди.

Аталган мыйзам долбоору ушул эле комитетке расмий түрдө 19-сентябрда биринчи окууга киргизилген. Ал күнү кворум болбогондуктан, мыйзам каралбай калган.

Саясат талдоочу Эмил Жороев документти парламент колдобошу керек деген ойдо.

«Чет өлкөлүк өкүл түшүнүгүн сунуштаган талаштуу мыйзам долбоору боюнча көп нерсени айтса болот. Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын экинчи сессиясында дагы аталган долбоордун дарегине сунуш, пикирлер айтылды. Министрлер кабинети тарабынан берилген баада эң сылык-сыпайы тилде бирок ток этээр жерине алып келе турган болсок, бул документти мыйзам кылып кабыл алуууга жарабайт дегенге тете баа берилген. Бейөкмөт уюмдарынын жоопкерчилиги азыркы мыйзамда ашыгы менен каралган. Ар кандай саясий өңүттө айтылган сөздөр, бийликтин саясатын колдобоо же сынга алган учурда кылмыш жоопкерчилигине тартылып калуу биздин Баш мыйзамга шайкеш келбей турганын айтып жатышат. Дагы белгилей кетчү жагдай, бул мыйзам Орусиядан көчүрүлгөн. Долбоор катары сапатсыз, сабатсыз жазылганын юристтер баса белгилеп келишет. Бир ууч депутаттардын жетегинде калбай, Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун четке кагыш керек деген ойдомун»,-деди Жороев.

Саясат талдоочу Алмаз Тажибай сунушталып жаткан мыйзам кабыл алынса, өлкөдө сөз эркиндигин, жарандык жана саясий укуктарды жактаган көптөгөн бейөкмөт уюмдар жабылышы мүмкүн экенин айтты.

«Кыргыз Республикасында Россия Федерациясындагыдай эле бейөкмөт уюмдар үчүн чет элдик агенттер жөнүндө мыйзамды кабыл алууну каалашат. Ал эми өлкөдө сөз эркиндигин, жарандык жана саясий укуктарды жактаган көптөгөн бейөкмөт уюмдар жабылышы мүмкүн»,-деди ал.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова «Чет элдик өкүл» мыйзамына каршы мы пикирин билдирген.

«Мен бул мыйзамга каршымын. Билим берүү, ден-соолук, социалдык жактарга бейөкмөт уюмдары аркылуу жардам берилип келет. Экология, жашыл экономика маселесин андай уюмдарсыз чече албайбыз. Ошол себептүү кылдаттык менен карашыбыз керек. Менин оюмча, биз укуктук талаада жакшы принциптер менен жашай турган мамлекет катары калышыбыз зарыл»,-деди Ашимова.

Кыргызстанда сырттан каражат алган өкмөттүк эмес уюмдарды жана жарандарды “чет элдик тыңчы” деп атоого багытталган мыйзам 2013-2014-жылдары сунушталып, каралбай келген. Андан бери парламентте ушуга үндөш бир-эки мыйзам кабыл алынган. Мыйзамдын мурдагы автору, депутат Надира Нарматова анын атын «чет элдик өкүл» деп өзгөртүп, 2022-жылы кайра алып чыккан.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке кийин 32 депутат демилгечи болуп кошулган.

Бирок алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартышкан.

“Адилет” укуктук клиникасы “чет өлкөлүк өкүл” мыйзам долбоорун талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Буга чейин Министрлер кабинети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документке корутунду берип, долбоорду жеткире иштеп чыгуу зарыл экенин билдирген. Өкмөт мыйзам долбоорун колдой турганын, бирок аны иштеп чыгуу зарыл экенин маалымдаган.

Ал эми депутат Надира Нарматова мыйзам долбоору сөз эркиндигин, бейөкмөт же эл аралык уюмдардын ишин чектебей турганын айтып келет.

Количество просмотров: 78