• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Нарматованын мыйзамына авторлош болуп жаңы депутаттар кошулду. Алар кимдер?

19 Кулжа 2023 15:12 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңешке бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөр тиешелүү комитеттердин талкуусуна түшкөн. Ага алгач Нарматова баш болгон 33 депутат демилгечи болгон.

Алар: Нарматова Н.А., Садырбаева Ж.Э., Култаева Г.О., Кыдыкбаев Ж.С., Ташиев Ш.К., Атажанов Ы.Ы., Алимбеков Н.К., Сулайманов К.К., Ханджеза К.Л., Коргонбай уулу Ж., Маткеримов А.Т., Сарыбашов Т.Н., Исмаилов Ф.Д., Козуев А.А., Абдалиев М.А., Кенжебаев А.Б., Матраимов И.И., Мамасадыков З.Д., Ражабалиев Н.А., Алтынбеков А., Эрбаев А.Т., Токторбаев Ж.Ш., Боронбаев А.Ж., Сыдыгалиев Н.О., Шабазов Б.В., Масабиров Т.А., Малиев А.К., Жамгырчиев Э.Э., Токтошев Э.Т., Сарбагышев М.К., Чойбеков Б.К., Атазов Ш.К., Түмөнбаев А.Т.

Бирок, бир катар нааразы пикирлерден соң аталган мыйзам долбооруна авторлош болуудан баш тартып, төрага Нурланбек Шакиевдин дерегине арыз беришкен. ЖКнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, учурда 7 депутаттын (Абдалиев М.А., Шабазов Б.В., Масабиров Т.А., Жамгырчиев Э.Э., Токтошев Э.Т., Чойбеков Б.К., Боронбаев А.Ж.,) автор болуудан баш тартуу тууралуу арызы түшкөн.

Бул арада ЖК сайтында бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу мыйзам долбоорунун автордук түзүмү жаңыланып, 6 жаңы депутаттын ысымын көрүүгө болот. Алар: Бакасов У.Б., Лурова Л.Х., Саккараев М.Ж., Айдарова А. А., Айжигитов С.А., Исаева Дж.К..

Аталган мыйзам долбооруна автор болуп жаңы кошулган депутаттардын бири, Лейла Лурова бул тууралуу комментарий берип, жаңылыштык кеткенин айтты.

«Бул туура эмес маалымат, мен аны тактап жатам», — деди депутат.

Ал эми автор болуп жаңы кошулган башка депутаттар менен байланышуу мүмкүн болгон жок.

Кошумчалай кетсек, буга чейин “Адилет” укуктук клиникасынын жана “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын юристтери чуулгандуу демилгелердин көтөрүлүшү жарандык сектордун жоюлушуна алып келерин билдиришкен. Алардын комментарийлерине көңүл бурулган эмес.

Эске салсак, бешинчи чакырылышта депутат Надира Нарматова кесиптеши Турсунбай Бакир уулу менен биргеликте ушундай эле документти сунуштаган. 2016-жылдагы мыйзам долбоору үчүнчү окууда алтынчы чакырылыштын депутаттары тарабынан четке кагылган.

Количество просмотров: 185